Skip to main content

Posts

"Азаттыктын" видео-кабарлары

"Азаттыкта" видео-күндөлүктөр чыгып жатат. Ааламдагы, анын ичинде "Азаттыктын" регионундагы маанилүү окуялар жөнүндө күн сайын үч мүнөттө көрсөтүп, аны интернетке жана Кыргызстандагы регионалдык телеканалдарга берип жатабыз. Бул аптада мен алып бардым. Көргүлө. Бул кечээги кабарлар. 

Салам, Бишкек!

Бишкекте кун жакшы, 30 градуска жетип жатат кундузу. Кузундо кечигип келгениме карабай, мекеним мени жылуу тосту.

Жарыкка жакындап...

Бул мезгил катаал. Бирок ар кимде умтулган жарык болушу керек.  Жердин бул бетинде карангы болгондо аркы бетинде созсуз жарык сакталат. Ишенгиле.

Жай кетти

Жайдын акыркы кунундо.

Бул апта: мигранттар

Бул апта Россиядагы мигранттарга байланыштуу окуяларга бай болду. Аларды полиция массалык рейддерде кармады, кээде уруп-сабады... Мен Москва, Тюмень, Новосибирск, Омск, Сургут шаарларындагы окуялар жонундо кабарлап жаттым. Баары "Азаттыктын" сайтында: www.azattyk.org 

КАРАРГАН ДЕҢИЗ, АГАРГАН ТОЛКУН

Мен турган тушта – сен туулган кыштак, Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан. Жалгыз бир кезде жарк этти эске, Жагоочон күндөр жадымдан чыккан. Барайын дедим, баралган жокмун, Карарган деңиз, агарган толкун. Тунарган жакты турамын карап, Туш-туштан шоокум шооладай жанат. Бир мезгил келет жамгырдай төгүп, Бир мезгил кетет шамалдай сабап. Бүт дүйнө шундай жаралган достум, Карарган деңиз, агарган толкун. Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эч бир, Кезинде жаады, кезинде кетти. Тек гана дүйнө жазындай болгон, Кумарлуу кездер көзүмдөн өттү. Сенин да билем, тизмеңде жокмун, Карарган деңиз, агарган толкун. (Алым Токтомушев)

Health is Wealth

Аракет кылсан, берекет. Мен дагы бир жолу туура тамактанып, спорт менен машыгып, туура ойлонуп жашаганга аракет кылайын деп чечтим. Эки кундон бери чылым чегелекмин. Бир нече жолу ломка болду, мага бирок анын артынан келчу сезим жакты))