Көрүнсө күзгүдөн өлүм, өмүрдүн баасы бычылды. Согушун жүрөктүн басып, өзүмөн алыс качсамчы... Төгөт не боз ала асман? Жаш эмес, буктун жамгырын. Бузулган күндөргө эмес, Тагдырга наалат айттырдың. (2012.)
Айласыз карап алыстан, тамчыга толгон көздөрүң. Өзүмөн, билем, келет көргүң. Элесин ата сагынган. Мен сени ыйлаткан күнү жаныма жан бербейт өкүм, чыгарган өзүмө өзүм. Айтылбай калат сөзүм - “Зирегим менин...” 14.06.2013
Сыртта жамгыр, ичте жалын - өрттөнөм. Жалгыздыкта өлүмгө окшош жүзү бар. Алыстарды, алыс жанды ойлосом, Бул караңгы күндөрүмдө аалам тар. Көптөн бери күндүн сары жүзү жок. Нечен тамчы ай ааламды жуудуруп, Кудум дүйнө кири кетпей койгондой, Кудум Кудай сунат бизге аруулук. (Июнь.2013)