Skip to main content

Соңку сөз


 Тургандардын бири мага кайрылып калды: 


- Ай, ким түшөт астына энеңди койгону? Ким жаткырат?


- Мен өзүм түшөм, - дедим да казылган көргө секирип түшө калдым.


Ойлосом, ушул кырк жашка чыгып, дегеле буга чейин бирөөнүн тажиясына барып көргөн эмес экенмин (Кыргызстандан 20 жашымда окууга кетип, ошо бойдон дурустап мекенге жашаганы кайтпаганыман болсо керек). Көр кандай казылат, адамдын кепинге оролгон денеси кандай жаткырылат - ушунун баарын көрбөпмүн ушуга чейин. 


Эки башка бөлүк болуп оюлган чуңкурдун жогорку кабатынан кыйгачыраактагы төмөнкү ички жагына жөрмөлөп кирдим. Бул адам бою менен жатканга гана ылайыкташтырылып оюлган жер экен, туруп эмес, отура да албайсың - өлүктү жаткызып гана койгонго жарайт. 


Бир убакта мага өйдө жактан энемдин денесин акырын жанагы тешик аркылуу бут жагын алга сүрөй суна башташты. Мен аны кучактап жерге койдум. Башын аярлап коюп, колу-бутун түздөп, эч бир жери кайрылып же басылып калбадыбы деп текшере баштадым. Ойлосом, кичине бала кезимде энем уктап жатканын көп байкачу экенмин. Тиргиликтен катуу чарчаса керек эле - кыйшайган бойдон уктап, кээде "колум басылып, уктап калыптыр" деп "ух, ухулап" калчу. Энеме андай кезде колун укалап бергенди жакшы көрчүмүн. Бул жолу да денесин жаткырып жатып, "колу басылып калбады бекен?" деген ой келди. "Басылып калса, колу уктап калбасын..."


Жогору жактан мага бир жоолукка салынган топурак узатышты. Ырымы ушундай, тажияга келгендер бир чымчымдан топуракты ушу оромолго салып, дуба окушат. Анан аны мен энемдин денесин айландыра төшөп чыктым. Колумдагы нурга бөлөнчү топурактай, же энемди жаман нерседен коргочудай касиетке ээ экенин сурабай түшүндүм. Бир да жылчык калтырбай, денени айландыра топурактан сээп чыктым. Акырында башына жаздык болсун дедимби, айтор, калган бөлүгүн энемдин башынын астына төшөдүм да, бетин ак кепинден ачтым. Бети ачык жатсын дедим окшойт же акыркы ирет анын жүзүн көргүм келдиби?


Жанагы өтө тар, жапыз жерде ары-бери айланып кыймылдоо деген оңой эмес. Буттарым талып, үстүмөн тер куюлуп чыкты. Жанымда жаткан чоочун эмес, энем экенин түшүнсөм да, ал өлүк экени жүрөк үшүмдү алып жаткансыды... Кудум ушул жерде калып калчудай, азыр көрдүн капкагы жабылып кала тургандай, же энем мени өзү менен ушул жерде кармап калчудай корктум. Анан ошол оюм үчүн өзүмдү жемелеп жаттым.


Мен энем менен дагы качан ушунчалык тар мейкиндикте жалгыз калдым эле, ага качан азыркыдай жакын болдум эле? Балким, анын ичинде жаткан кезимде гана экөөбүз ушундай жакын, жалгыз болсок керек. Ал ошондо курсагын сылап, мени менен сүйлөшкөн чыгар. Азыр мен да энемдин бетин сылай ага соңку сөздөрүмү айтып жаттым. "Жакшы жатыңыз, энеке. Тынч жатыңыз... Мен эч нерсени унутпайм".


Анын бетинин оң жагы кичине кара так болуп, карарып кеткендей көрүндү. Инсульт дегени ушундай белем? Мээсине кан кеткенде бетинин да тамырлары жарылып кеткен окшойт…


Энемдин башын улам оңдоп, тике каратканыма карабай, кайта эле оң жакка бурула калат. "Жөн кой, энең кыбыланы карап жаткысы келип жатат", - деп коюшту сырттан. 


Буттарым талып, кадимкидей аба жетпей, көөдөнүм кысылып чыкты. Сыртка көтөрүлдүм да калгандар улам тездетип, чуңкурга топурак салып жатканын үн сөзсүз карап турдум. Ичимде бир нерсе үзүлдү.


Төрөкул Дооров.

2022.



Comments

Post a Comment

Popular posts from this blog

The Bukharan Princess in Brno

Hello everybody, Janyl Jusubjan (Chytyrbaeva), a Kyrgyz journalist in Prague, wrote this interesting article about Kyrgyz actress living in Czech Republic Aiturgan Temirova. Many people may know A.Temirova from well-known Kyrgyz films “Ak-keme” (“The With Ship”), “Wolf’s hole”, “The secret night at Fujiyama”, etc. Personally, I couldn’t find A.Temirova’s any other full profile written in English. Therefore I’ve decided to share it with you.

ТИЛ ТИРЕГИ - ИЛИМ (уландысы)

Белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен кыргыз тили жөнүндөгү талкууну улантабыз. Маегибизди биз үтүрдүн оорду менен баштап, тилди изилдеген илим тууралуу сөз менен токтоткон элек . Бул ирет ошонун уландысын окуңуздар: -- ... - Сиздин оюңуз кандай бу жагынан? - Билингвизмде экинчи бир тилдин таасиринде, анын үстөмдүгүндө калган тилди адстрат дешет. Ал эми субстрат деп келгиндердин тилинен улам турмуштун көп чөйрөлөрүнөн сүрүлүп калган, бирок ошол келгин тилге таасир тийгизе алган жергиликтүү тилди айтат. Ушул эки позициядан карап эле биздин улуттук тил булардын кайсынысына кирерин билсе болот. Дегеле тилдин изилдей турган маселелери, проблемалары толтура. Батышта азыр тилди тигил же бул өлчөмдө изилдебеген, ага тике же кыйыр түрдө кайрылбаган илим жок. Психолингвистика, нейролингвистика, социолингвистика, семиоанализ, семиотика, герменевтика, иши кылып, толгон-токой агымдар, багыттар бар. Аларды айтпаганда деле кыргыз тилин грамматологиянын, текстологиянын, ошол эле билингвизмдин пози