Skip to main content

Posts

Соңку сөз

  Тургандардын бири мага кайрылып калды:   - Ай, ким түшөт астына энеңди койгону? Ким жаткырат? - Мен өзүм түшөм, - дедим да казылган көргө секирип түшө калдым. Ойлосом, ушул кырк жашка чыгып, дегеле буга чейин бирөөнүн тажиясына барып көргөн эмес экенмин (Кыргызстандан 20 жашымда окууга кетип, ошо бойдон дурустап мекенге жашаганы кайтпаганыман болсо керек). Көр кандай казылат, адамдын кепинге оролгон денеси кандай жаткырылат - ушунун баарын көрбөпмүн ушуга чейин.  Эки башка бөлүк болуп оюлган чуңкурдун жогорку кабатынан кыйгачыраактагы төмөнкү ички жагына жөрмөлөп кирдим. Бул адам бою менен жатканга гана ылайыкташтырылып оюлган жер экен, туруп эмес, отура да албайсың - өлүктү жаткызып гана койгонго жарайт.  Бир убакта мага өйдө жактан энемдин денесин акырын жанагы тешик аркылуу бут жагын алга сүрөй суна башташты. Мен аны кучактап жерге койдум. Башын аярлап коюп, колу-бутун түздөп, эч бир жери кайрылып же басылып калбадыбы деп текшере баштадым. Ойлосом, кичине бала кезимде энем уктап ж
Recent posts

Айылдагы китепкана

Мен бала кезде ушул китепканага көп барчумун. Мектептен чыга калып, бул жерде Айтматовдун, Алыкулдун дүйнөсүнө кирип кетчү элем. Анда иштеген китепканачы эжелерим да ушундай мээримдүү, карапайым эл боло турган. Китептердин эскилиги жетип, айрымдарынын барактары канча ирет кайра жамалып, канча ирет тытылганы да, бөлмөлөрдүн кышында сууктугу да мага жакын сезилчү. Бирок, айланайын, андан бери муун жаңырды, эгемен эл болдук. Эмнеге 21-кылымга жетсек да, балдарыбызга дурустап китепкананы оңдогонго жетпей келебиз? Иним Ислам ошо менин балалыгым калган китепкананы тарткан экен. Отуз жылдын ары жагындагы мезгилге жашынган эски китептердин жыты, китепканачы эжелеримин жылмайган жүзү эсиме түштү. Анткен менен мезгил алмашып, кылым жаңырса да, бүргөдөй китепкана дале ошо бойдон баарыбыздын эсибизден чыккан көрүнөт... Маданиятка мындай мамиле жакшылыкка алып барабы?

"Шуулдаба, теректер, теректерим. Шуулдасаң ыйлагым келет менин". Салижан Жигитов.

Жакшы бир ыр окугум келип жүрөт

Бул жерге акыркы жолу жазганыма алты жылдан ашкан экен... Такыр эле таштап койгондой болгом. Мына, эми эсиме келгенде ушунчалык ыр окугум келип жүргөнүн түшүндүм. Жакшы бир ыр окугум келип жүрөт. "Сүйдүм-күйдүм, өлүп баратам" деген жеңил-желпи махабат эмес, "Ойгон, кыргыз, улуу Манас урпагы!" деген сыяктуу ура-патриоттук эмес... жай гана табийгат, түбөлүк жалгыздык, же болбосо турмуш тууралуу терең мааниси бар, жакшы жазылган ыр окугум келип турат. Алым Токтомушев агайымдын саптарындай ыр окугум келип жүрөт.  

Айды күтүү

Такташтык ай чыкканда жолугууга, Кан кызып, денемди бир аптап урат. Айтам деп, сага камдап сөз ылгадым, Бул акшам ай башкача толуп турат. Бизге анда жылдыздардай асмандагы көрүнгөн сезим күчү — чексиз аалам. Биз анда толкундардай деңиздеги бүтүн бир ыргак менен агылууга ичтик касам… Сүйлөштүк ай тууганда көрүшүүгө бөбөктөй багындыра кыялдарды. Сен мени, а мен сени бөлүшүүгө күндү эмес, айды күттүк кайра дагы. Сезимди кытыгылай уяң ойлор, алдырбайт, колго кирбейт, алыс, бөлөк. тартылган амалсыздык пардасынан, жүрөгүм айды күткөн күндө өлөт, ойлорум сени деген кыйнайт мени… Ай эмес жылдар өттү андан бери, Элесиң — чаңдагы гүл, өчкөн тагы. Чарчаган окшойм бүгүн, кетким келет. Бу тагдыр сенсиз деле берди бакты. А бирок… Көкүрөк бирдемеден эзилет эй… Күткөндөй дагы деле жаңы айды, Ойлорум учат самап алыс жакты, сен тарап басып кетээр                               алыстарды. (2011.)

Жаман күн

Көрүнсө күзгүдөн өлүм, өмүрдүн баасы бычылды. Согушун жүрөктүн басып, өзүмөн алыс качсамчы... Төгөт не боз ала асман? Жаш эмес, буктун жамгырын. Бузулган күндөргө эмес, Тагдырга наалат айттырдың.  (2012.)

Новости радио Азаттык, 9 июня