Мен бала кезде ушул китепканага көп барчумун. Мектептен чыга калып, бул жерде Айтматовдун, Алыкулдун дүйнөсүнө кирип кетчү элем. Анда иштеген китепканачы эжелерим да ушундай мээримдүү, карапайым эл боло турган.
Иним Ислам ошо менин балалыгым калган китепкананы тарткан экен. Отуз жылдын ары жагындагы мезгилге жашынган эски китептердин жыты, китепканачы эжелеримин жылмайган жүзү эсиме түштү.
Китептердин эскилиги жетип, айрымдарынын барактары канча ирет кайра жамалып, канча ирет тытылганы да, бөлмөлөрдүн кышында сууктугу да мага жакын сезилчү. Бирок, айланайын, андан бери муун жаңырды, эгемен эл болдук. Эмнеге 21-кылымга жетсек да, балдарыбызга дурустап китепкананы оңдогонго жетпей келебиз?
Анткен менен мезгил алмашып, кылым жаңырса да, бүргөдөй китепкана дале ошо бойдон баарыбыздын эсибизден чыккан көрүнөт...
Маданиятка мындай мамиле жакшылыкка алып барабы?
Comments
Post a Comment