Skip to main content

Күйдүргүнү күйгүзгөн Кабылбай табып

Күйдүргү малдан гана жугуучу, эң коркунучтуу жугуштуу ооруулардын катарына кирет. Учурунда аныкталбай, өтүшүп кетсе, анын айрым түрлөрүн дарылоо өтө оор. Кыргыздар муну мурдагы кылымдарда күйгүзүп дарылашкандыктан, “күйдүргү” деп коюшкан. Мына ошол элдик метод менен малчылар арасында, тоолуктар ичинде күйдүргү чыкса, күйгүзө койгон бир аксакал-табып муну менен 13 жашынан бери машыгып келатат. Кыргызстанда борбор калаадан эң алыс чек арада жайгашкан Лейлек районунун Көк-Таш айылында Кабылбай Каландаров аксакал менен мен былтыр жайында сүйлөшкүм.

Бул аксакал менен "сүйлөмө сүрөттү" (soundslide) мына бул жерден угуп, көрүңүз.

Ал эми аудио интервьюну толугу менен мына бул жерден уга аласыз: 

Күйдүргүнү күйгүзгөн Кабылбай табып by Torokul

Comments

Popular posts from this blog

Соңку сөз

  Тургандардын бири мага кайрылып калды:   - Ай, ким түшөт астына энеңди койгону? Ким жаткырат? - Мен өзүм түшөм, - дедим да казылган көргө секирип түшө калдым. Ойлосом, ушул кырк жашка чыгып, дегеле буга чейин бирөөнүн тажиясына барып көргөн эмес экенмин (Кыргызстандан 20 жашымда окууга кетип, ошо бойдон дурустап мекенге жашаганы кайтпаганыман болсо керек). Көр кандай казылат, адамдын кепинге оролгон денеси кандай жаткырылат - ушунун баарын көрбөпмүн ушуга чейин.  Эки башка бөлүк болуп оюлган чуңкурдун жогорку кабатынан кыйгачыраактагы төмөнкү ички жагына жөрмөлөп кирдим. Бул адам бою менен жатканга гана ылайыкташтырылып оюлган жер экен, туруп эмес, отура да албайсың - өлүктү жаткызып гана койгонго жарайт.  Бир убакта мага өйдө жактан энемдин денесин акырын жанагы тешик аркылуу бут жагын алга сүрөй суна башташты. Мен аны кучактап жерге койдум. Башын аярлап коюп, колу-бутун түздөп, эч бир жери кайрылып же басылып калбадыбы деп текшере баштадым. Ойлосом, кичине бала к...

ТИЛ ТИРЕГИ - ИЛИМ (уландысы)

Белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен кыргыз тили жөнүндөгү талкууну улантабыз. Маегибизди биз үтүрдүн оорду менен баштап, тилди изилдеген илим тууралуу сөз менен токтоткон элек . Бул ирет ошонун уландысын окуңуздар: -- ... - Сиздин оюңуз кандай бу жагынан? - Билингвизмде экинчи бир тилдин таасиринде, анын үстөмдүгүндө калган тилди адстрат дешет. Ал эми субстрат деп келгиндердин тилинен улам турмуштун көп чөйрөлөрүнөн сүрүлүп калган, бирок ошол келгин тилге таасир тийгизе алган жергиликтүү тилди айтат. Ушул эки позициядан карап эле биздин улуттук тил булардын кайсынысына кирерин билсе болот. Дегеле тилдин изилдей турган маселелери, проблемалары толтура. Батышта азыр тилди тигил же бул өлчөмдө изилдебеген, ага тике же кыйыр түрдө кайрылбаган илим жок. Психолингвистика, нейролингвистика, социолингвистика, семиоанализ, семиотика, герменевтика, иши кылып, толгон-токой агымдар, багыттар бар. Аларды айтпаганда деле кыргыз тилин грамматологиянын, текстологиянын, ошол эле билингвизмдин пози...

Төрөкул Дооров: 40 градус чындык

АҢГЕМЕ Малик жолдун ортосуна чыгып алыптыр. Ары-бери өткөп машинелерди токтотом дейби, өзүн боксёр элестетип алганбы, колдорун ары-бери жаңсап, сөгүнүп, жинденип, атасы ачуусу келгенде айтып калчудай, «богун мыжыгып алыптыр». Бул дегени такыр эле өз башына өзү ээ боло албай, оозуна да, денесине да күчү жетпей, айбан сыяктанып калган экен дегени. Эч ким менен иши жок. Шилекейи агып, чаңга бөлөнүп агарып калган ботинкесине улам тамат. Кирдеген көйнөгүнүн этеги жыртылган, учтары шымынын ар кай жагынан самсаалап көрүнүп жүрөт. Көзү... тирүү жандын көзү эмес – бош, кайдыгер. Кимди, кайсыл жакты караганы чала. Улам сөгүнөт, бирөөгө жини келгендей тиштерин кычыратып, кыргызча, орусча аралаштырып сөгүп эле жатат, сөгүп эле жатат... Чоң жолдун боюндагы бул кичинекей кыштактын эли бири-бирин жакшы тааныйт, өтө ынтымактуу тургундар. Балким, кичине болгондун жакшы жагы ошолдур... Ызы-чууну анча сүйө бербеген айыл тынчтыгы Маликтин «концертинен» бир заматта бузулду да калды. Машинелер ары өтүп бир...